Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу №25/4-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин №151/19-6 сандуу Талас шаарынын “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызматтары боюнча тарифтерин бекитүү боюнча токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 08.07.2021-жылдагы №01-21/1074 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын калкын ичүүчү суу жана канализация түтүктөрүнө кошуу үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-январындагы №151/19-6 сандуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-тиркемесинин 7-пункту күчүн жоготту деп табылсын жана 1-пункту
төмөнкүдөй мазмундагы 1.1-пунктча менен толукталсын:
Талас шаарында демөөрчүлөрдүн ашар жолу менен ичүүчү суу жана
канализация системасын куруу жана жалпы системага кошуу жумуштары
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, Талас регионалдык шаар
куруу жана архитектура башкармалыгынын, Талас шаарынын “Таза-суу”
муниципалдык ишканасынын көзөмөлүндө жеңилдетилген тартипте жүргүзүлсүн
жана мекеменин балансына алынсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( К.Жаныбеков) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |