Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 26/4-8
«Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү борбордук базардагы Талас базар соода комплекси мамлекеттик ишканасын жана ага тиешелүү 0.47га жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 08.07.2021-жылдагы №01-21/1071 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше көлөмүн көбөйтүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас базар соода комплекси мамлекеттик ишканасын жана ага тиешелүү 0,47 га жер участогун Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |