Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 28/5-8
Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 06.07.2021-жылдагы № 01-21/1052 сандуу катынын, Талас шаарынын мэриясынын алдындагы сыйлыктар боюнча комиссиясынын отурумунун 2021-жылдын 6-июлдагы №15 протоколдук сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекесине карата, Талас шаарынын экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон ар тараптуу салымдары жана коомдук иштердеги алдынкы көрсөткүчтөрү үчүн Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Усенбек Байтерековго, Улуттук онкология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы Айвар Тойгонбековго жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Азат Эркимбаевге Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |