Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 09-февралы № 10
“Оро Биримдиги” фондусундагы колдонулбай калган акча каражатын кароо жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусундагы 2020-жылдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатынын суммасы 2431350сом өлчөмүндө белгиленсин жана ал акча каражатын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык муктаждыктарына жана айыл тургундарынын арызынын негизинде бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Оро Биримдиги фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрайымдын о.б. | Н. Жаманкулов |