Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 09-февралы № 12
«КБФнын жерлерин аукционго коюу жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча адиси Т.Жаманкуловдун КБФнын жерлерин аукционго коюу жөнүндөгү сунушун талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн КБФнын жерлерин аукционго коюуга уруксат берилсин.
2. Аукционго коюулуучу жерлердин контурлары такталып, жарыя бергенге чейин баштапкы баасы бекитилсин жана райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.
Төрайымдын о.б. | Н. Жаманкулов |