Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-марты № 2
«Жайытка малдарды айдоодо бааларды бекитүү жөнүндө»
Оро айылдык кенешинин 10-чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы каралган жайыт комитетинин малдарды жайкы жайлоого айдоодо сунушталган бааларды карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүндө малдарды жакынкы, алыскы жайыттарга айдоодо баалар төмөндөгүдөй бекитилсин:
-жайыт билетин алгандар үчүн төлөм: алыскы жайытка-8 сомдон; жакынкы жайытка -15 сомдон белгиленсин,
Чабандарга малдарын жайытка чыгарууда төлөм:
-кой эчкиге башына- 75сом;
-жылкыга -/- - 1000-сом;
-уй-торпокко -/- 500сом;
-кайракы жакынкы жайытка – 500сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго жүктөлсүн.
Төрайымдын о.б. | Н. Жаманкулов |