Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-марты № 3
«Оро Биримдиги фондусундагы акча каражатын кароо жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусуна “Шыралджын Майнинг” компаниясынан 2021-жылы үчүн түзүлгөн меморандумдун негизинде түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түшкөн акча каражатынын суммасы 1000000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана ал акча каражатын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык муктаждыктарына жана айыл тургундарынын арызынын негизинде бөлүштүрүп берилсин.
2. Оро Биримдиги фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Даниярова, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүкккө алсын.
Төрайымдын о.б. | Н. Жаманкулов |