Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 02-июну № 05
Электр чубалгысын тартып өтүүгө уруксат берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековдун сунушун карап маселени талкуулап тактап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Сай участкасынын жайыт аянтынан Бакыян айылынын кашарына электр чубалгысын тартып өтүү үчүн электр таянычтарын орнотууга түзүлгөн актынын негизинде уруксат берилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Райымбеков электр таянычы орнотулган аянтты эсептөө менен ижара акысы үчүн жыл сайын төлөмүн келишим менен бекитсин жана аткарылышын көзөмөлгө алсын,
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын у.м.а. А.Данияровага жүктөлсүн.
Төрагасы: | Б. Мотуев |