Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-майы № 6
Арыздар, кайрылууларды кароо жөнүндө
1. Эшимбек Капалов орто мектебинен кайрылуусу айылдык кеңештин бюджет комитетине мыйзам чегинде чечилсин.
2. Ынтымак айылынын тургуну Субанкулов Чынгыздан мен Кара-коюн өзөнүнөн бузулган үстү ачык коргонду 500(беш жүз) сомго сатып алгам 1995 жылы 11-апрелде Калинин колхозунун правлениясынын чечиминин негизинде акчасын төгүп, квитанциясын алгам,ошол жерди (сарайды) мыйзамдаштыруу үчүн сиздер токтом чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөм.
Айылдык кеңештин жер агрардык жана кыймылсыз мүлк комитетине милдеттендирилсин.
3. Ынтымак айылынын тургуну Алчымбаев Туратбектен кайрылуу менин сиздерге кайрылганымдын себеби 1992-жылы биз дыйкан чарбага бөлүнүп чыккан элек. Ошондо биз токойдун башындагы кашар (мал сарай ) бөлүнүп берилген эле.Сиздерден сураныч ошол кашардын документин жаныртайын десем,сиздерден токтом керек болуп жатат,токтомду берип коюуңуздарды суранам.
Айылдык кеңештин жер агрардык жана кыймылсыз мүлк комитетине милдеттендирилсин.
4. Ынтымак айылынын Молтой көчөсүнүн жашоочуларынын атынан сиздерге арыз менен кайрылганыбыздын себеби өзүңүздөр билгендей,айылыбыздын бардык көчөлөрүнө кум төгүлгөн биздин гана көчө оңдолбой ошол бойдон турат,биздин да көчөнү оңдоп түзөп кум төгүп берүүңүздөрдү суранабыз.
Айылдык кеңештин жер агрардык жана кыймылсыз мүлк комитетине милдеттендирилсин.
5. Ынтымак –Сервис ишканасынын жетекчиси Норузбаев Эмилбектен кайрылуу менин сиздерге кайрылганымдын себеби “Ынтымак –Сервис “суу чарба ишканасынын өздүк таалага айдоочу машинасынын жоктугуна байланыштуу ишканага өзүмдүн менчик машинамды айдап жүрөм,тетиктери иштен чыгып жатат.Ошого байланыштуу талаага суу сургөнгө рабочий машина алууга биз өзүбүздүн бюджетибизден акча бөлүштүрүп машина алууга чечим чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөм.Бул суроо элдик чогулушта каралбай калган.
Айылдык кеңештин бюджет комитетинин кароосуна милдеттендирилсин, мыйзам чегинде чечилсин.
6. Ынтымак айылынын тургуну Толубаев Тазабектен арыз мен сизге кайрылганымдын себеби Ынтымак айылындагы кырмандын бастырмасынан техника коюу үчүн ижарага жер берүүңүздөрдү өтүнөм.
Айылдык кеңештин жер агрардык жана кыймылсыз мүлк комитетине милдеттендирилсин
Төрага: | А. Назаралиев |