Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 203-27
"Кошумча төлөм жөнүндө"
Айыл өкмөтүнүн башчысынын “Аламүдүн-Спорт” мекемесинин директорунун ар айлык эмгек акысы жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2020-жылдын 1-ноябрынын тартып “Аламүдүн-Спорт” мекемесинин директорунун эмгек акысына жергиликтүү бюджеттен 5 (Беш) миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Филимоненко |