Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 208-27
Мораторий/чектөө киргизүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын мораторий/чектөө киргизүү жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жылдын 1-сентябрына чейин кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар боюнча ведомстволор аралык комиссияда макулдашууга чейин 14, 22-пункттарга (таблицада көрсөтүлгөн) жана консультациялык кызматтарды сатып алуунун жыйынтыгы боюнча Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга мораторий/чектөө киргизилсин.
14 | Турак үйдү, короо-жайга танапташ участокту коммерциялык ишкердикке өзгөртүү 0,04 га чейин Коммерциялык объектини турак үйгө, короо-жайга танапташ участокко өзгөртүү 0,04 га чейин | 20000 20000 | Бир жолку |
| 0,01 га көбөйтүү менен, ар бир 0,01 га үчүн 2000 сом кошумча төлөм | 15000 |
|
| Коммерциялык ишканаларды 50 м.кв чейин өзгөртүү, 50 м.кв жогору 0,0099 га чейин | 30000 |
|
| 0,01 га жогору | 50000 |
|
22 | Муниципалдык менчик жерлеринде жер казуу иштерин жүргүзүү: жеке жана юридикалык жактар үчүн жер астынан (жер үстүнөн) канализациялык жана суу түтүктөрүнүн тармактарын төшөө, 1 метр үчүн юридикалык жактар үчүн жер астынан (жер үстүнөн) электр кабелин, телефон тармагын төшөө, 1 метр үчүн юридикалык жактар үчүн жер астынан (жер үстүнөн) газ түтүгүн төшөө, 1 метр үчүн Эскертүү: жогоруда аталган 14, 22-пункттарда көрсөтүлгөн баалар боюнча кызматтарды өз ыктынры менен пайдаланууну жана оз ыктыяры мснен төлоөнү каалаган жеке жана юридикалык жактар карап чыгуу жана токтом кабыл алуу үчүн Аламүдүн айылдык кеңешине кайрылышы керек | 2000сом 2000сом 2000 сом | Бир жолку |
2. 2021-жылдан тартып жер участокторун ижарага берүү бир жылдык мөөнөт менен, жер участогун өздөштүргөн учурда (курулуш, соода объектисин орнотуу) андан ары мөөнөтүн узартуу менен чектелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Филимоненко |