Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 215-27
Техника жөнүндө
Башчынын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган техникасын сатуу жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Техниканын үч бирдигин - Фольксваген пассат, Лада 2109 автоунаасын жана ЛТЗ тракторун чиркегичи менен сатуу жактырылсын жана уруксат берилсин.
№ | Аталышы | Чыгарылган жылы | Түсү | Мам.номери | Өткөрүү коробкасы | VID |
| Фольсваген -пассат | 1999 | кара көк | 08KG177AА | механика | 1000994040618 |
| ВАЗ 2109 | 1988 | кызыл | 08KG176AA | механика | 1701021040618 |
| ЛТЗ-60 | 2007 | кочкул кызыл | 8859TRKR | механика |
|
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргызстан жана МЧК конуштарынын ортосуна спорттук стадионду куруу үчүн техниканы сатуудан түшкөн акча каражатын “Муницстрой” МИге которсун.
3. Аламүдүн айыл өкмөтүнө жана айыл аймагынын муниципалдык ишканаларына жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында кызматтык автоунааларды сатып алууга тыюу салынсын.
4. Ушул токтомду аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнү башчысы Н.А. Кольбаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |