Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 218-27
№ 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин от жагуучу жайынын имаратын өзгөртүү жөнүндө
№ 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин директору Г.А.Асекованын Аламүдүн айылынын № 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин от жагуучу жайынын имаратын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө № 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин от жагуучу жайынын имаратын кыска мөөнөттүү балдар бакчасынын курулушуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |