Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 220-27
Канализаңиялык тармакка кошуу жөнүндө
(Аламүдүн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-мартындагы № 238-27 токтомунун редакциясына ылайык)
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин айыл аймагы боюнча канализаңиялык тармакты өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1 -пунктунун 5- бөлүгүнө ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылынын Заводская, Гагарин, Молодежная, Полевая, Биринчи май көчөлөрүн канализаңиялык тармакка кошуу шарты менен Аламүдүн айыл аймагы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун Бакай-Ата жаңы конушуна канализаңиялык тармакты төшөө жактырылсын.
2. (Аламүдүн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-мартындагы № 238-27 токтомуна ылайык жокко чыгарылсын)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |