Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 221-27
2020-жыл үчүн кирешелер жана чыгашалар планын тактоо жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Ч.Д.Алымбаеванын 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешелер жана чыгашалар планын азайтуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айьшдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2020-жыл үчүн кирешелер планын тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план азайтылсын:
Киреше салыгы - 2338,4,0 мин сомго;
Сатуудан алынуучу салык - 2245,0 миң сомго;
Баары - 4583,4 миң сом.
2. 2020-жыл үчүн кирешелер планын тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:
Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык -180,4 миң сомго;
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык -158,0 миң сомго;
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык -2000,0 миң сомго;
Баары - 2338,4 миң сом.
3. Ушуга ылайык, смета бюджеттик эсеп боюнча ТКЧ бөлүмүнүн боюнча 311-Негизги каражаттар беренеси - 2245,0 миң сомго азайтылсын.
4. Ушул токтомдун аткарьшышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |