Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 223-27
Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Гоголь көчөсү № 147/1 дареги боюнча жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айыл өкмөтү Гоголь көчөсү№ 147/1 дареги боюнча далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-4144 жалпы аянты 0,04 га жер участогунун багытын айылдык китепкана үчүн өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |