Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 02-февралы № 23-27
Буга чейин 2018-жылдын 22-февралында чыгарылган № 54-27 “Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасьшын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 жана 21-беренесине ылайык жана Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-февралындагы № 3 токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылдык кеңешинин буга чейин 2018-жылдын 22- февралында кабыл алынган № 54-27 токтомунун аянт контурларына № 1418- 20,4 га; 1416-8,7 га; 1410-33,2 га; 1384-7,3 га; 1386-5,2 га; 1382-16,0 га; 1388- 1,2 га; 1389-6,6 га контурларын кошуу, № 1354-1352 контурунда 41,5 га аянтты 46,0 га алмаштыруу менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ленин айыл аймагынан жогоруда аталган жер участокторунун максаттуу багытын жана менчиктин формаларын өзгөртүүсүз кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүтөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |