Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-февралы № 235-27
Жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
“Аламүдүн Авто Транс” МИнин директору А.К.Молдобековдун Садовое айылынын Гидровская көчөсү боюнча кеңсе жана автобус маршрутунун акыркы аялдамасы үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011 –жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Садовое айылынын Г идровская көчөсү боюнча кеңсе жана автобус маршрутунун акыркы аялдамасы үчүн жер участогун бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |