Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-марты № 236-27
«Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө»
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылынын Панфилов көчөсү № 226 дареги боюнча жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айылынын Панфилов көчөсү № 226 дареги боюнча жайгашкан буга чейин спорт залы үчүн арналган далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-2508 жалпы аянты 1933 кв.м жер участогунун максаттуу багытын өндүрүпггүк-кампалык жайлары бар административдик корпуска өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.П. Филимоненко |