Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23–июну № 8
Карьерге жер участогун бөлүп берүү жөнөндө
Москва райондук мамлекеттик администрациясынын катын жана мыйзамдуулукту, укук тартибин,жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо, архитектура, куруу, унаа, экология, айыл чарба жана 2021-жылдын 21 июнундагы «Power Construction Corporation Of China, Ltd» кытай компаниясына 0,76 га аянттагы карьерди курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн инерттик материалдарды иштеп чыгуу үчүн берүү регламенти боюнча комиссиянын маселесин угуп жана талкуулап Биринчи май айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. «Power Construction Corporation Of China, Ltd» кытай компаниясына карьерди курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн инерттик материалдарды иштеп чыгуу үчүн 2024-жылдын 20.05.чейин убактылуу колдонууга 0,76 га аянттагы жер участогу бөлүнүп берилсин. Жумуш аяктагандан кийин жер участогун мелиорациялоону жүргүзүү.
2. «Power Construction Corporation Of China, Ltd» кытай компаниясы менен келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевге жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы | Н. И. Акматалиев |