Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 11
Кошумча акча-каражат бөлүп берүү жөнүндө
КЭБ башчысы Н.Б. Джумагулованын кредитордук карыздарды төлөө үчүн кошумча акча-каражат бөлүп берүү жөнүндө катын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар жана 2021-жылдагы 15.06. № 1 мандат боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Биринчи май айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021 жылдын 01.01.акча-каражаттарынын калдыгынан керектүү чыгаша беренелерине акча-каражат бөлүнүп берилсин:
- «Северэлектро» ААК- 129,0 М.с. (ОМ электркубаттуулугу, бала бакчалар);
- БМП ТВС и В – 191,2 м.с. ( № 4 ОМ жылуулук);
- кеңейтүүчү бак – 34,0 м.с. («Жылдыз Нуру» б\б);
- соттун аткаруу баракчасы – 3,0 м.с.
- айыл жаңылыгы – 8,0 м.с. (жарнама кызматы)
- прожекторлорду сатып алуу – 600,0 м.с.
- Бардыгы: 965,2 миң сом.
2. Азыркы абалды эске алуу менен (чатырды шамал учуруп кетти) бөлүнсүн:
- «Огонек» бала бакчасынын чатырын калыбына келтирүүгө- 120,0 м.с.,
- «Огонек» бала бакчасына муздаткыч сатып алууга- 30,0 м.с.
- Бардыгы : 150,0 миң сом.
3. «Жылдыз Нуру» бала бакчасына тамактанууга атайын эсептен – 100, м.с. кошумча акча-каражат бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевге жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңештин төрагасы | Н. И. Акматалиев |