Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июлу № 13
Акча-каражаттарынын калдыктарын 4064,0 м. сом өлчөмүндө бөлүштүрүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар жана 2021-жылдагы 27 июлда №2 мандат боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Биринчи май айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Акча-каражаттарынын калдыктары 2021 жылдын 01.01. 4064,0 м. сом өлчөмүндө төмөнкү чыгаша беренелерине бөлүштүрүлсүн:
- спорт залдар (Живпром, Сахзавод) – 560,0 м.с.;
- кичи футбол аянтчасынын проекттик сметалык документациясы – 200,0 м.с.;
- айыл өкмөтүнүн имаратын жана от жагуучу бөлмөсүн оңдоо иштерине – 200,0 м.с.;
- таштанды аянтчаларын демонтаждоо жана көрнөк жарнактарды орнотуу-100,0 м.с.;
- таштанды контейнерлерди сатып алууга 10 даана– 150,0 м.с.;
- суу түтүк системасын (100 м.) алмаштыруу № 1 ОМ– 50,0 м.с.;
- № 4 ОМ жылытуу системасын оңдоо жана чатырын жарым-жартылай алмаштырууга – 40,0 м.с.;
- жолдорду асфальттоого (1800 м.) – 2764,0 м.с.
- Бардыгы: 4064,0 тысяч сомов.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттого жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевге жүктөлсүн.
Биринчи айыл кеңешинин төрагасы | Н. И. Акматалиев |