Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 121
“Бала бакчалардагы балдардын тамак ашына каражатты көбөйтүү жөнүндө”
ФЭБ башчы Н. Б. Джумагулованын азык түлүккө баанын өсүшүнөн жана балдарга жетиштүү тамак - аш бере албагандыкка байланыштуу “Огонек” жана “Жылдыз Нуру” балдар бакчасынан жергеликтүү бюджеттен тамак ашка каражатты көбөйтүү жана ата энелердин салымы жөнүндө келген каттардын негизинде докладты угуп жана талкуулап,
Биринчи Май айыл Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир балага тамак - аш үчүн каражатты 7 сомго көбөйтүүгө жана ата – эненин салымын 12 сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ФЭБ башчысы Н. Б. Джумагулова жүктөлсүн.
Айыл кеңештин төрагасы | С. У. Дунганов |