Загрузка документа…
ТƟМƟНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-январы № 37/151
Ɵзгөчө учурларда муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12 беренесине ылайык акысыз негизде жактардын менчигине берүү жолу менен муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууга жол берген өзгөчө учурларда аныктоо максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12,19 чу беренелеринин,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18чи бөлүгүнүн,жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 31чи беренесинин негизинде,Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын « Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12чи беренесинин 2чи бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын төмөндөгү жарандарына таратуу аныкталсын:
-Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 15 жылдан жогору эмгектенген муниципалдык кызматкер жана Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын территориясында 1 жылдан көп убакытта жашаган жаран;
-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;
-Советтер Союзунун Баатырлары, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баатырлары;
-Улуу Ата Мекендик согуштун партизандары жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;
2. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду каттоодон өткөрүп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген тартибинин негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөн жана кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрайым | Толкомбаева. Р. Дж |