Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-январы № 37/152
Муниципалдык турак-жайды акысыз негизде өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58 беренесинин негизинде,Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12чи беренесинин,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18чи беренесинин, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 31чи беренесинин 10 бөлүгүнүн,жана ошондой эле Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-январындагы №37/151чи «Ɵзгөчө учурларда муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомунун негинзинде:
ТОКТОМ КЫЛЫНДЫ:
1.Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Төмөнкү-Аларча айыл аймагында жайгашкан Логвиненко көчөсүндөгү №140чы үй, жеке номери 7-01-12-1001-1383, Шакир уулу Русланга муниципалдык турак-жайды акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен мүлк өткөрүлсүн.
2.Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген тартибинде Шакир уулу Руслан менен муниципалдык турак-жайды акысыз негизде ушул токтомдун 1 пунктунун негизинде жеке менчикке өткөрүү боюнча келишим түзсүн.
3.Ушул токтом каттоодон өткөн жана кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду каттоодон өткөрүп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген тартибинин негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрайым | Толкомбаева. Р. Дж |