Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2 ноябры № 141/27
Жер участогун "Айыл чарба жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ленин айыл аймагына караштуу Мыкан айылынын аймагына социалдык объектини (орто мектепти) куруу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 1,25 га, анын 0,97 гектары сугат айдоо жерлери (1348 контуру) жана 0,28 га огороддор (1348 'контуру) "Айыл чарба жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу боюнча Мыкан айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык объектини (орто мектепти) куруу учун Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылында жайгашкан жалпы аянты 1,25 га, анын 0,97 гектары сугат айдоо жерлери (1348 контуру) жана 0,28 га огороддор (1348 'контуру) "Айыл чарба жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан бул токтомду мыйзам чегинде бекитип берууну суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Бековага жүктөлсүн.
Төрага | А. Шевченко |