Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-сентябры №10/10-ХХVIII
Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы № 51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү», 12.02.2018-жылдагы № 52 «Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 08.04.2019-жылдагы № 93 «Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 19.02.2021-жылдагы № 156/27 «2018-жылдын 12-февралындагы № 51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» кабыл алынган токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Ленин айылдык кенешинин депутаты К.О. Майкомбаевдин Ленин айыл аймагы менен Аламудун айыл аймагынын чектеш жерлерин инвентаризациялоо жана тактоо боюнча демилгесин, ошондой эле Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы №51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү», 12.02.2018-жылдагы №52 «Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 08.04.2019-жылдагы №93 ««Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 19.02.2021-жылдагы №156/27 ««2018-жылдын 12-февралындагы №51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү»» кабыл алынган токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5- пунктуна ылайык жергиликтүү кенеш мурдагы чакырылыштын жана өзүнүн токтомдорун артка кайтарууга же жокко чыгарууга төмөнкү учурда укуктуу:
- мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) жоболоруна каршы келгенде же ченемдик укуктук актыны (структуралык элементти) өзүнө сиңирип алган жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;
Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, «Жергиликтүү кеңештин депутатарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңешинин мурда кабыл алынган 2018-жылдын 12-февралындагы №51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү», 12.02.2018-жылдагы № 52 «Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 08.04.2019-жылдагы № 93 ««Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы үлүш жерлердин Аламүдүн аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү», 19.02.2021-жылдагы № 156/27 «2018-жылдын 12-февралындагы № 51 «Аламүдүн районунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» токтомдору жокко чыгарылсын, себеби бул токтомдор Ленин айыл аймагынын административдик аймактык жерлерин чектеш кошуна Аламудун айыл өкмөтүнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү максатында кабыл алынган жана чектерди тактоо, инвентаризация иштери жүргүзүлгөн эмес.
2. Аламүдүн мамлекеттик администрациясына мыйзамда көрсөтүлгөн убакта бул токтомду бекитүүгө өтүнүч кат берилсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Момбековага төмөнкүлөрдү уюштуруу жүктөлсүн:
- бул токтомду официалдуу булактарга жарыяласын жана мыйзамда көрсөтүлгөн убакта Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
- бул токтом Аламудун райондук мамлекеттик администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жөнөтөлсүн.
- сот инстанцияларына жиберүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Момбековага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Шакиев |