Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-январы № 37/155
Төмөнкү-Аларча айыл аймагындагы юридикалык жактарга таштанды үчүн чогултулуучу төлөм жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31чи беренесинин,Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10- августундагы №90чу «Салыктык эмес киреше жөнүндө» Кодексинин 24 бөлүмүнүн негизинде,Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын территориясында:
1. 2021-жылга карата таштанды үчүн чогултулуучу төлөмгө юридикалык жактардын ар бир кызматкеринен бир жылга 100 сомдон алуу орнотулсун.
2. Төмөнкү-Аларча айыл аймагындагы юридикалык жактар, ишкердик иши үчүн эсептери көрсөтүлсүн жана жылдын 1-апрелине чейин төлөмдөр өндүрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрайым | Толкомбаева. Р. Дж |