Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-июну №152
«Акча каражатын бөлүштүрүү тууралуу»
Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жана 07.03. 2020 –жылы өрттөн жабыркагандар батирди ижарага алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
14000 миң сомго беш үй-бүлөгө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүнсүн.
1.Шабанова Азиза,
2.Джаныбаева Зарыл,
3.Бекиев Канат,
4.Молдобаев Темирбек,
5.Оморбеков Ранис.
2. Үч үй-бүлө квартираны ижарага алуу үчүн 29000 миң өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.
1.Шабанова Азиза,
2. Молдобаев Темирбек,
3. Джаныбаева Зарыл.
Шопоков шаардык Кеңешинин төрагасы | Тилебек уулу Эмилбек |