Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-сентябры № 1/11
Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы А.Сальпиев атындагы «Келечек»-балдар бакчасынын ата-энелер төлөөчү акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кеңеши А.Сальпиев атындагы «Келечек»-балдар бакчасынын башчысы А.Мукаеванын арызын окуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылындагы А.Сальпиев атындагы “Келечек”-балдар бакчасынын, бир күндүк тамакка төлөнүүчү наркты 70-сомду карап берүүгө, анын ичинен: 60-сому тамакка, 10-сому керектөөчүлүккө жумшоо үчүн төлөм бекитилип берилсин;
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге жүктөлсүн:
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айыл кеңештин төрагасы | Э. Иманалиев |