Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-сентябры № 1/12
Күнтуу айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу баасын кайрадан карап бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кеңеши «Таза Күнтуу»- муниципалдык ишканасынын директору В.М. Шиловтун суроо талабын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 01-октябрынан баштап төмөнкү тарифте (чен) иш алынып барылсын:
1.1 .Күнтуу айыл аймагында жайгашкан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн төлөө акысы 200-сомдон бекитилсин;
1.2 .Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан айылдарга, баардык үй башына таштандысын чыгаруу үчүн төлөө наркы 100-сомдон бекитилсин;
1.3. Күнтуу айыл аймагындагы баардык айылдардагы, үйлөрүн батир катары берүүчү, үй ээлерине 200-сомдон бекитилсин;
1.4. “Таза Күнтуу”- ишкананын директору В.М.Шиловко таштанды боюнча баардык жумушчуларына, айдоочусуна айлык маянасын 100 пайызга көтөрүүсү милдеттендирилсин жана атайын жумушчу кийимдер менен камсыздалсын;
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге жүктөлсүн:
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн
тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы | Э. Иманалиев |