Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы №1
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джаныбековдун 2020-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын
отуз экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын январь-декабрь айларында социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ К ЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джаныбековдун 2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. 2021-жылга приоритеттүү багыттар боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |