Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 2
Мекеме-уюмдардын жетекчилеринин 2020-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз экинчи сессиясы, айыл аймагындагы мектеп директору Н.Адылбекованын, Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын директору Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы мээрманы Н.Шамураталиеванын, ИСКАКБ нын жетекчиси К.Шадыбековдун, СПАнын жетекчиси Т.Тыпышевдин 2020-жылдагы аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын директору Н.Адылбекованын, “Баластан” балдар бакчасынын директору Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы мээрманы Н.Шамураталиеванын, “Суулуу-Булак” ИСКАКБ сынын жетекчиси К.Шадыбековдун, СПАнын жетекчиси Т.Тыпышевдин, 2020-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аталган жетекчилер айыл өкмөтүнүн аппараттык чогулушунда дайыма катышып, тиешелүү тапшырмалардын үстүндө иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Төрагасы | Т. Койчубаев |