Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы №4
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 2191393 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен ТЖК бөлүмүнө 600000 сом акча каражаты муниципалдык менчигине турак-жай имараттын жана курулуштар үчүн жер сатып алууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |