Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 5
Тал-теректерди кесүүгө уруксат берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын отуз экинчи сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиянын 2021-жылдын 19-январындагы №1 актысын карап чыгып жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Талас-Тараз трассасынын чыгыш тарабындагы 18 даана клен, кара талдар жана айылдык маданият үйүнүн чыгыш тарабындагы 5 даана туялар, ошондой эле эски канторанын жанындагы 3 даана кара тал, 3 даана туялар, талаалардагы арык жээгиндеги тал-бадалдарды картайып чирип, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу кыюуга уруксат берилсин.
2. Кесилген бак-дарактардын ордун калыбына келтирип жаңы көчөттөрдү отургузуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго милдеттендирилсин.
3. Кесилген бак-дарактарды айыл аймагындагы аз камсыз болгон жана багар-көрөрү жок жарандарга отун катары таркатылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |