Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 05-февралы № 3
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1591393 сом акча каражатын калгандыгы эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 1591393 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 82800 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынан тогуз кызматкерине 5000 сомдон жалпысы 45000 сом сыйлык акы төлөнүп берилсин.
-Соц.фондго чегерүү 7800 сом ;
-Миң-Булак айылындагы №8 дарыгерлер тобунда дарыгер жок болгондугуна байланыштуу райондон бөлүнгөн башкы дарыгердин келип-кетип иштегендиги үчүн жол акысына айына 1000 сомдон 10 айга 10000 сом;
-Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 20000 сом;
Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө 529200 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Электрик бир адам айына 7000 сомдон бир жылга 84000 сом
-Айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн бир адам айына 7000 сом бир жылга 84000сом
-Мамлекеттик сатып алуу иштерин алып баруу үчүн бир айга 3000 сом бир жылга 36000 сом.
Жалпысы эмгек акыга 204000 сом;
-Соц.фондго чегерүүгө 35200 сом;
-Таштандыларды таштоочу жайды курчоого 100000 сом;
-Жаңы ФАП куруу үчүн өздүк салымга 150000 сом;
-Шааба курууга 40000 сом;
Айыл өкмөтүнө караштуу маданият бөлүмүнө 17600 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
Маданият бөлүмүнүн үч кызматкерине 5000 сомдон сый акы жалпысы 15000 сом;
-Соц.фондго чегерүү 2600 сом.
Айыл өкмөтүнө караштуу соц.коргоо бөлүмүнө пандемияда №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үч медайымга бир жолу берилүүчү жардам катары ар бирине 5000 сомдон жалпысы 15000 сом бөлүнүп берилсин.
3. Чыгашадан ашкан кирешенин калган 946793 сом акча каражаты кийинки сессияда каралары эске алынсын.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрагасы | Т. Койчубаев |