Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 05-февралы № 4
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы токтом чылат:
1 .Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 195474 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020 -жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешенин 195474 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 183308 сом акча каражаты айылдын жаңы көчөлөрүнө карагайларды алууга бөлүнсүн.
Балдар бакчасынын кошумча имаратына видеокөзөмөл орнотууга 12166 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн
Төрагасы | Т. Койчубаев |