Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-февралы №5
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрагасы | Т. Койчубаев |
Тиркеме № 1
БЕКИТЕМ Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы_________________ Т. Койчубаев 05.02.2021-жыл | МАКУЛДАШЫЛДЫ Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы_________________ Б. Джаныбеков 05.02.2021-жыл.
|
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиктеринин саны
Кызматтардын аталыштары | Миң-Булак айыл аймагынын калкынын саны 3728 адам |
2 ден 5ке чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы | 8 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | 1 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер ТТК, КТК | |
Кароолчу | 1 |
Жыйноочу | 1 |
Жыйынтыгы | 2 |
Жалпы штаттык бирдиктин саны | 11 |