Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-февралы № 8
№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун атоо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы, Миң-Булак айыл аймагындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айылдын кулуну Омурбаев Шаршенбек Шерипбаевичтин ысмын берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айылдын кулуну Омурбаев Шаршенбек Шерипбаевичтин ысмы ыйгарылсын.
“Омурбаев Шаршенбек атындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” деп аталсын.
2. №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун күбөлүгүн юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоодон өткөрүү жагы улук мээрман Н.Шамураталиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |