Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-июну № 2
Туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын экинчи сессиясы туруктуу комиссиялардын курамын түзүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиялардын курамы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
А)Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл-чарба, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш жана мандат этика боюнча;
1.Козубекова Ж.-комиссиянын төрайымы
2.Аккозов Ж.
3.Ормотоева Г.
4.Уметов А.
5.Усенов Р.
Б)Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча;
1.Аккозов Ж.-комиссиянын төрагасы
2.Бокубаева Т.
3.Бекманбетов К.
4.Козубекова Ж.
5.Райымбеков А.
В)Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
1.Бекманбетов К.-комиссиянын төрагасы
2.Ормотоева Г.
3.Райымбеков А.
4.Усенов Р.
2. Түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамы өздөрүнө тиешелүү арыздарды, материалдарды өз убагында карап чыгып, отурум өткөрүп, аткарууга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |