Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-августу № 4
ФАПтын имаратынын ордун аныктоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айыл аймагына курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун долбоордогу ордун өзгөртүп жер тилкесинин күн батыш тарабын көздөй жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VIII чакырылышынын үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагына курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун долбоордогу ордун өзгөртүлүп жер тилкесинин күн батыш тарабынан 6 метр көчөнү көздөй жылдырылсын.
2. Долбоорго өзгөртүү киргизүү менен архитектуралык планы кайрадан даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жумакеевага жүктөлсүн
Төрага | Т. Койчубаев |