Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-августу № 5
Жер тилкесин сатып алуу жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын үчүнчү сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилкесин сатып алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл калкынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинин эсебинен жер тилкеси сатылып алынсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |