Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-августу № 6
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын январь-июнь айларындагы аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын январь-июнь айларында социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакееванын 2021-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. 2021-жылдын аягына чейин приоритеттүү багыттар боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |