Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
2019-жылдын 20-майы № 25/4
Сон-Көл айыл өкмөтүндө БУУ ДАТП менен мектеп балдарына ысык тамак берүүчү жайды толук ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салым бөлүү жөнүндө
Сон-Көл айыл өкмөтүндө БУУ ДАТП менен мектеп балдарына ысык тамак берүүчү жайды толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым бөлүү жөнүндө карап жана талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл өкмөтүндө БУУ ДАТП менен мектеп балдарына ысык тамак берүүчү жайды толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты берилсин.
2. Айылдын борбордук көчөсүнө штакетник коюуу үчүн мурдагы сессияда каралган 100000(жүз миң) сом акча каражаты Сон-Көл орто мектебинин ашканасын оңдоп түзөө иштерине которулсун.
3. Бөлүнгөн акча каражатын өз максатында пайдалануу жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.Чекирбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Жакыпов |