Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 29/6
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37- беренесинин 10- бөлүмүнүн негизинде Сон-Көл айылдык Кеңешинин төрагасына бир жолку компенсациясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37- беренесинин 10- бөлүмүнүн негизинде депутаттардын Сон-Көл аыйл аймагынын айылдык Кеңешинин 29\6 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айылдык Кеңешинин төрагасына бир жолку компенсация айылдык Кеңештин сессиясы иштеген мезгилде жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бир жолку компенсация эсептөө жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык эмгек акысынын негизинде эсептелсин.
3. Бул токтомду жетекчиликке алуу жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге,ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Жакыпов |