Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 29/7
Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин райондун борборуна отчётко, чогулуштарга барып катышып келүүсүнө жол кире акысын бекитүү жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин райондун борборуна отчётко, чогулуштарга барып катышып келүүсүнө жол кире акысын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевдин жана айылдык Кеңештин экономика,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 29\7 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун борборуна отчетко, чогулуштарга барып келүүсү үчүн,эки тарапка 76,0 (жетимиш алты)сом болуп бекитилсин.
2. Жол кире маршруттук баракчанын негизинде төлөп берүү жагы ФЭБ башчысына К.Мүзүралиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Жакыпов |