Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 30/2
Сон-Көл айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Жумалиевдин 2019- жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Жумалиевдин 2019-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сон-Көл айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Жумалиевдин 2019-жылдагы аткарган иштери боюнча отчёту толук болбогондуктан жалпы элдик жыйында каралуусу сунушталсын.
2. Жалпы элдик жыйынга чейин аткарган иштери боюнча отчётторун толуктап келүү тайыт комитетинин төрагасы М.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Жакыпов |