Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 30/3
Сон-Көл айыл өкмөтүндөгү “Фаризат” бала бакчасынын 2019-жыл үчүн аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагындагы “Фаризат” бала бакчасынын 2019-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сон-Көл айыл аймагындагы “Фаризат” бала бакчасынын башчысынын аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сон-Көл айыл аймагындагы “Фаризат” бала бакчасына тарбияланып жаткан балдарына окуу куралдарын жана оюнчуктарын алуу үчүн 16000 сом акча каражаты каралсын.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге тапшырылсын.
Тѳрага | А.Жакыпов |