Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 30/5
Соң-Көл айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамынарезервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясянын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Сон-Көл айыл аймагындагы учаскалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резеривине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип тушкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Сон-Көл айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Соң-Көл айыл аймагындагы № 4145 Төлөк учаскалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлер көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен түзүлгөн шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Соң-Көл айыл аймактык шайлоо комиссиясына учаскалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү докменттери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Сунушталган шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комисиясынан суралсын.
Тѳрага | А.Жакыпов |