Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/1
Көк-Жар айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен , шайлоочулардын чогулуштарынын Көк-Жар аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Көк-Жар айыл аймагындагы № 4144 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтерин Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Тѳрага | А.Кадыракунов |